Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандык режиссёрдун тасмасы Лос-Анжелес эл аралык кинофестивалында эки номинацияда жеңүүчү аталды

Тасма эң мыкты кыска метраждуу тасма деп тандалып, ал эми анын автору мыкты режиссёр деп табылды

Кыргызстандык режиссёр Гузел Дүйшөнкулованын "Келин таш" тасмасы Лос-Анжелесте өткөн айым режиссерлордун X көз карандысыз кинофестивалында эки номинацияда жеңүүчү аталды. Бул тууралуу Кинону өнүктүрүү фондунун сайтында маалымдалды.
Уюмдун маалыматы боюнча, Гүзел Дүйшөнкулованын сүрөтү "Мыкты кыска метраждуу тасма" жана "Мыкты режиссёр аял" номинацияларында жеңүүчү деп табылган.

 IMDb LA Independent Women Film Award Qualifier - жыл сайын жана эки айда бир жолу өткөрүлүүчү эл аралык жана америкалык кинодолбоорлорго жана сценарийлерге багытталган медиадагы сүрөтчүлөргө арналган сынак. Фестивалдын жылдык программасы “Аялдардын объективи” деп аталып, жандуу аткарууларды, тармактык байланыштарды жана аялдар тарткан тасмаларды көрсөтүүнү сунуштайт. Комитет жыл сайын Беверли-Хиллзде Studio Screening аркылуу кыска метраждуу тасмаларды көрсөтүүнү өткөрөт.

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх