Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Акжол Махмудовдун бир тууганы Египетте өткөн эл аралык рейтингдик турнирде коло байгеге ээ болду

Сыймык Махмудов 2021-жылдагы дүйнө чемпиону молдовалык Виктор Чиобану жеңди

Акжол Махмудовдун бир тууган агасы Сыймык Махмудов Египетте өтүп жаткан эл аралык "Ибрахим Мустафа" рейтингдик турниринде коло медаль жеңип алды. Ал коло медаль үчүн күрөштө 60 килограммга чейинки салмактагы 2021-жылдын дүйнө чемпиону молдовалык Виктор Чиобану жеңип алган. Буга чейин Сыймык Махмудов грек-рим күрөшү боюнча 63 килограммга чейинки салмак ченинде Кыргызстандын чемпиону болгон.

Белгилей кетсек, кечээ, 23-февралда Александрия шаарында (Египет) Ибрагим Мустафа күрөшү боюнча рейтингдик турнир старт алган. Бул салттуу турнир грек-рим күрөшү боюнча 1928-жылкы Олимпиада чемпиону, Александрияда туулган Ибрагим Мустафанын (1904 - 1968) атын алып жүрөт. Мемориалга 48 өлкөдөн 450дөн ашык спортчу катышары күтүлүүдө. Буга чейин Африка континентинде күрөш боюнча мындай массалык мелдештер өткөрүлгөн эмес.

Турнирдин жыйынтыгында чүчүкулак аркылуу тандалган алдыдагы континенталдык чемпионаттардын арасында кимдер болору белгилүү болот. Мындай артыкчылык азыркы UWW рейтингинде 1-4-орундарды ээлеген балбандарга берилет.

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх