Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте кургак учукка каршы жаңы оорукана ачылды

Бүгүн оорукананын ачылышы өттү

Бүгүн, 2023-жылдын 24-февралында Бишкекте кургак учуктун ар кандай түрлөрүн аныктоону жана дарылоону жакшыртуу максатында жаңы кургак учукка каршы оорукана бейтаптарды кабыл алуу үчүн эшигин ачты.

Медициналык мекеменин ачылыш аземине Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова, Германия Федеративдүү Республикасынын Бундестагынын делегациясы, Германия ФРнын Кыргызстандагы элчиси Габриэла Геллил, Германия өнүктүрүү банкынын (KfW) аймактык директору Андреас Шнайдер катышты.

Мындай оорукана Кыргызстанда алгачкы жолу курулду, курулушу Германия Өнүктүрүү Банкынын (KfW) «Кургак учук V» программасын ишке ашыруунун алкагында каржыланды.

Оорукана 128 орундан (койка) турат, анын ичинен 48 керебет кургак учуктун туруктуу формасына, 48 керебет сезимтал формасынын жугуштуу түрүнө, 28 керебет кургак учуктун сезимтал формасынын жугушсуз түрүнө жана 4 керебет интенсивдүү терапия палатасына бөлүнгөн. Оорукана эл аралык жана улуттук инфекциялык көзөмөлдүн талаптарына ылайык курулган, ар бир бөлүмдүн кире бериштери атайын “чиптер” менен жабдылган, ошондой эле оорукананын ичинде “таза аймак” каралган.

Бөлмөлөрдүн аянты стандартка ылайык курулган, жана ар бир палатага өзүнчө санитардык түйүндөр коюлган (сан.узелдер). Ар бир бөлүмдө ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген бейтаптарды эске алуу менен курулган өзүнчө палаталар да бар.

Аталган кургак учукка каршы заманбап оорукана бардык керектүү медициналык аппаратуралар менен камсыздалды: УЗИ, ЭКГ, рентген жана флюроаппараттар, биологиялык, кан жана ИФА анализаторлору, термостат, дистиллятор ж.б.
Вентиляция системасы медицина кызматкерлеринин жана бейтаптардын коопсуздугун камсыздап, кирип-чыгуучу абаны тазалоо үчүн атайын фильтрлер орнотулган. Жалпы канализацияга кирген суу жергиликтүү септик системасы аркылуу зыянсыздандырат жана залалсыздандырылат.

Оорукананын аймагы буга чейин газон жана көчөттөр менен көрктөндүрүлгөн.

Саламаттык сактоо министри Гулнара Баатырова өз сөзүндө Германия Федеративдүү Республикасына, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо секторуна көрсөтүлгөн баа жеткис жардам үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал Германия Федеративдүү Республикасы менен саламаттык сактоо жаатында мындан аркы жемиштүү кызматташууну улантуу Кыргыз Республикасынын калкынын саламаттыгын мындан ары да жакшыртууга багытталат деп белгиледи.

Маалымат үчүн:


Кыргыз Республикасында 2022-жылга карата Улуттук фтизиатрия борборунун берген маалыматы боюнча (КР ЮМ караштуу Жазаларды аткаруу кызматын кошкондо) кургак учук менен ооругандардын деңгээли 2021-жылга салыштырмалуу жогорулагандыгы белгиленген. Кургак учуктун 3996 учуру биринчи жолу аныкталган, кургак учук оорусунун көрсөткүчү 100 000 калкка 59,7 болгон, ал эми 2021 – жылдын ошол эле мезгилинде 3891 учур катталган-100 000 калкка 58,1. Оорунун эң жогорку деңгээли мурдагыдай эле Чүй облусунда калууда-100 000 калкка 93,7 (2021-жылдын ушул мезгилине карата. - 100 000 калкка 88,2), оорунун эң төмөнкү деңгээли Ысык-Көл облусунда –100 000 калкка 40,9 (2021 – жылдын ушул мезгилинде-36,7).

фото www

 

 

 

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх