Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мектептерде эми ата-энелерден акча чогултулбайт

Мамлекет башчы бул чыгымдарга республикалык бюджеттен акча бөлүнөрүн билдирди

Президент Жапаров билим берүү жана илим министринин м.а. Каныбек Иманалиевге ата-энелерден мектепти оңдоп-түзөөгө жана класска керектүү нерселерди (бор, чака, тряпка, ж.б.) сатып алууга акча чогултулбасын деген тапшырма берди. Бул боюнча мамлекет башчынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Фейсбук баракчасына жазды.

Анын айтымында бул максаттарга республикалык бюджеттен каражат бөлүнүп турат.

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх