Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ИИМ мыйзамсыз схемаларга акча каражатын салуунун тобокелчиликтери тууралуу эскертет

Мекеме интернет көз боёмочулуктун мисалдарын келтирип өттү

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы жарандардын көңүлүн азыркы учурда салым салуудан киреше убадалаган күмөндүү ой жараткан жарандардын сунуштары көбөйүп жаткандыгына бурат. Бул тууралуу ИИМнин басма сөз кызматы билдирет.

Министрлик каржы сабаттуулугунун төмөндүгүнүн кесепетинен көптөгөн жарандар алдамчылардын торуна түшүп калып жатканын белгиледи. 

Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы эгер жарандарга аз убакыттын ичинде кирешесин олуттуу көбөйтүү сунушталса, булар виртуалдык алдамчылар болушу мүмкүн экенин белгилейт. Жогорку кирешенин кепилдиктерине ишенүүнүн кереги жок. Мисалы, Telegram мессенджеринде белгисиз адамдар болжолдуу кирешелүү инвестициялардын долбоорун жарнамалашууда. Шилтемени басуу менен кызыккан адам телеграм-ботко кирет. Ал жерден алар тез акча сунуштап, баарлашып, ынандыра башташат. Алгачкы “халал” салым салуу 100 АКШ доллар экени көрсөтүлгөн.

- Белгилүү бир аялдын атынан жүргүзүлгөн канал бар, анда ал тез жана жогорку кирешени убада кылат. Ийгиликтүү акча которуулар жөнүндө отчеттор чатта жарыяланып, видеолор жайгаштырылат, анда ал тапкан акчасы үчүн мактанат. Андан соң, бул аял каражаттар кепилденген түрдө кайтарыла турганын айтып, азгыра баштайт, - деп айтып беришти ИИМде.

Мекеме мындай каналдар көп экенин, алар жогорку кирешени убада кылып, аларды криптовалютага салууга көндүрүшөрүн эскертти.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы бардык каржы пирамидалары алдамчылык долбоорлор экенин, алар ошондой эле кирешелүү салымдарды туурап, укмуштуудай жогорку пайыздык чендер менен акча салууну сунуштап, кепилденген кирешени убада кылып, досторду активдүү тартууну суранарын маалымдайт.

Укук коргоо органдары каржы пирамидалары табылганын, алдамчылардын курмандыгы болуу коркунучун тынымсыз айтып жатканына карабастан, мекендештерибиздин арасында дагы эле шектүү мыйзамсыз схемаларга акча салууну каалагандар арбын.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы жарандарга акчаны шектүү долбоорлорго салуу коркунучтары тууралуу эскертет. Жарандар каржы пирамидаларга акча салуу жогорку деңгээлдеги тобокелдик жана каржыны толук жоготуу менен коштолорун түшүнүшү керек. Сиздин акчаңыздын коопсуздугуна эч ким кепилдик бере албайт.

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх