Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Түрк элчиси: Кыргызстандын берген жардамы эч качан унутулбайт

Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган маалымат жыйынын өткөрдү

Бүгүн, 27 –февраль Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган маалымат жыйын куруп, Доган жер титирөөдөн кийин көрсөтүлгөн жардам үчүн кыргызстандыктарга ыраазычылык билдирди. Элчи зилзаладан жабыр тарткандарга жардам чогултуу уланып жатканын кошумчалады.


Ал Кыргызстандын эң алыскы булуң-бурчтарынан элчиликке келип, жол оңдоого же башка иштерге бүтүндөй айылдан чогулган акчаны тапшырып жатканын баса белгиледи.
"Кыйынчылыктарына жана оор абалына карабай бул жерге түрк элине жардам берүү үчүн келишкен. Ал эч качан унутулбайт. Бул биздин элдер бир туугандыкты канчалык баалаарын көрсөттү", - деди элчи.
Түркиядагы жер титирөөдөн кийин 102 өлкө жардам сунуштап, 90 мамлекеттен куткаруучулар, медициналык кызматкерлер барган.Кыргызстандык куткаруучу топ урандылар алдынан 8 кишини тирүү куткарып, 198 кишинин сөөгүн алып чыккан. ӨКМ тарабынан 127 боз үй, 2 кийиз контейнер жана жети стандарттык палата жөнөтүлгөн. Ички иштер министрлиги 500 матрас, 500 төшөнчү мүшөк (спальный мешок), 100 жылыткыч жана 1000 жууркан жиберилген.

Мындан тышкары, элчилик каржылык жана жардамдын башка түрлөрүн кабыл аларын жарыялаган. Анын натыйжасында Түркияга кыргызстандыктардан жалпы 50 тоннадан ашык жардам жөнөтүлгөн.Кыргыз өкмөтү жардам үчүн өзүнчө эсеп ачкан, мамлекеттик мекемелер бир күндүк эмгек акысын жардам иретинде которушкан. Ал эми элчилик ачкан эсепке 992 миң 869 доллар жана 1418 евро чогултулган. Жардам бергендердин арасында коомдук мекемелер, компаниялар, жай тургундар, окуу жайлар бар.

6-февралда Түркия менен Сирия чектешкен аймакта күчү 7,5-7,8 баллга жеткен жер титирөөдөн каза болгондордун жалпы саны 47 миңге чамалады, жараат алгандар 115 миңдин тегерегинде.Жер титирөө 20-февралдын кечинде да кайталанып, анда да каза тапкандар, жаракат алгандар катталды.

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх