Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бүгүн Бишкек шаарынын мэри бир жыл ичинде аткарган иштери боюнча отчет берет

Бүгүн “Кабар” агенттигинде мэрдин маалымат жыйыны болот.

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров бир жылда аткарылган иштер боюнча маалымат берүүнү пландоодо. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

«Бүгүн, 1-мартта «Кабар» маалымат борборунда Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров мэриянын өткөн жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы жана 2023-жылга милдеттери тууралуу маалымат жыйынын берет», - дешти мекемеде. «Жолугушууга массалык маалымат каражаттарынын жана жарандык коомдун өкүлдөрү чакырылган.

Эске салсак, президент Абдыкадыровду 2022-жылдын 24-февралында борбор калаанын мэрлигине дайындаган. Буга чейин мэрлерди Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары шайлап келишкен.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх