Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эмилбек Абдыкадыров: Бишкектеги дарыялардын жээгин бойлой эс алуу зоналарын түзөбүз

Калаа башчысынын айтымында тиешелүү долборлор даяр

“Кабар” кыргыз улуттук маалымат агенттигинде мэр Эмилбек Абдыкадыровдун муниципалитеттин иши жана 2023-жылга карата милдеттери боюнча пресс-конференциясы өтүүдө.

Анын айтымында, Бишкекте Аламүдүн, Ала-Арча дарыяларынын жана ЧЧКнын жээгинде шаардыктар үчүн эс алуу зоналарын түзүү пландалууда.

- Тиешелүү долбоорлор иштелип чыккан. Ошондой эле заманбап велосипед жолдору жана чуркоо жолдору курулат, - деди мэр.

Ошондой эле Эмилбек Абдыкадыров быйыл тротуарларды оңдоонун көлөмүн 3-4 эсеге көбөйтүү пландалып жатканын маалымдады. Белгилей кетсек, өткөн жылы 15 км тротуар оңдолгон.

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх