Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандык бийчилер Ташкентте өткөн бал бийи боюнча эл аралык турнирде жеңишке жетишти

Мелдешке Өзбекстан менен Казакстандын спортчулары да катышканы белгилүү

Кыргызстандын бийчилери Tashkent Open 2023 бал бийи боюнча эл аралык турнирде жеңишке жеткенин ФТСКРдин президенти Сергей Титунин билдирди. Маалым болгондой, мелдеш 2023-жылдын 25-26-февралында Ташкентте өткөн. Турнирге Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстандын спортчулары катышты.

-“Tashkent Open 2023” эл аралык турниринин жыйынтыгында “Жаштар” категориясы боюнча кыргызстандык түгөйлөр Дмитрий Блинков менен Асал Мамбетованын Латын Америка программасы мыкты болуп алтын медаль тагынышты, - дейт Сергей Титунин.

Бул турнир жыл сайын өткөрүлөт, аны Ташкенттеги бийди өнүктүрүү борбору Өзбекстандын Бий спорту федерациясы менен биргеликте Өзбекстан Республикасынын Туризм жана спорт министрлигинин колдоосу менен уюштурган.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх