Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Энергетик суусундуктарга акциздин ставкасы 10 эсеге азайтылды

Акциз салыгынын ставкасы 2023-жылдын 1-январынан 31- декабрына чейин 1 литр үчүн 20 сомдун ордуна 2 сомду түзөт

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы токтому менен ТЭИ ТН 2202 товардык позициясында классификацияланган сергитүүчү (энергетикалык) алкоголсуз суусундуктарга акциз салыгынын ставкасы он эсеге азайтылды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Алсак, акциз салыгынын ставкасы 2023-жылдын 1-январынан 31- декабрына чейин 1 литр үчүн 20 сомдун ордуна 2 сомду түзөт. 2024-жылдын 1-январынан баштап бул сумма 30 сомдун ордуна 3 сом болот.

Мындан тышкары, 2024-жылдын 1-январынан тартып сергитүүчү (энергетикалык) алкоголсуз суусундуктарды милдеттүү түрдө маркалоо киргизилет.

Белгилей кетсек, алкоголсуз суусундуктарды маркалоо – бул товардын келип чыгышынын мыйзамдуулугун тастыктоочу натыйжалуу механизми жана калкты контрафакттык продукциядан коргоого багытталган.

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх