Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте борбор калаанын 5 конушун өнүктүрүү боюнча долбоордун башталышы талкууланды

Долбоорго кайсы конуштар кирмекчи?

Шаардык муниципалитетте Ак-Босого, Арча-Бешик, Бакай-Ата, Калыс-Ордо жана Рухий-Мурас конуштарын өнүктүрүүнүн техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу долбоорун ишке киргизүү боюнча семинар өткөрүлдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Семинардын жүрүшүндө катышуучуларга техникалык тапшырмалар жана иштин этаптары көрсөтүлдү. Пландарды ишке ашыруу үчүн Ленин, Свердлов жана Октябрь райондорунун бирден конушунун аянтын, ошондой эле Биринчи май районунун эки конушун камтышты.

Кыргыз Мамлекеттик Курулуш, Транспорт жана Архитектура университетинин командасы жана БУУ ЕЭК (UNECE) көз карандысыз консультанттар тарабынан даярдалган изилдөө көрсөтүлүп, ал учурдагы долбоордун негизи болду.

Семинарды борбор калаанын мэриясы Азия шаарларын өнүктүрүү демилгеси жана Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен уюштурган.

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх