Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Акжол Махмудов апрель айында Роман Власов менен күч сынашары белгилүү болду

Беттеш Алматы шаарында өтөрү белгилүү

Акжол Махмудов Иван Поддубныйдын балбандар лигасынын (PWL – 4) мелдешинде россиялык Роман Власов менен күрөшөт. Бул тууралуу аталган лиганын расмий сайтында айтылат.

Маалыматка ылайык, спорттук иш-чара 26-апрелде Казакстандын Алматы шаарындагы спорт ордосунда өтөт.

Махмудов менен Власов грек-рим күрөшү боюнча 77 кг салмакта күч сынашат. Мындан сырткары, PWL – 4 мелдешинде алдын ала маалыматка ылайык, Азербайжан, Армения, Индия, Иран, Казакстан, Куба, Кыргызстан, Молдавия, Япония жана Российдан келген спортчулар арасында 12 беттеш өтөт.

Белгилей кетсек, Акжол Мухмудов грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиону жана Олимпиада оюндарынын күмүш байгесинин ээси, ал эми Роман Власов дүйнөнүн үч жолку жана Олимпиаданын эки жолку чемпиону.

Эскерте кетсек, Иван Поддубныйдын балбандар лигасы (PWL) 2022-жылдын май айында түзүлүп, анын биринчи мелдеши Россиянын “ЦСКА” футболдук клубунун машыгуу аянтчасында, экинчиси Москванын Вернадский мамлекеттик циркинде өткөн. Үчүнчүсү Бишкекте өтүп, кыргызстандык үч балбан күрөшкөн. Аталган мелдеште 10дон ашык өлкөдөн 1 миңдей балбан күчүн сынайт.

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх