Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Борбор калаанын мэриясы мектептеги бейбашчылык тууралуу видеоролик тарткан жаш шаар тургунуна ыраазычылык билдирди (видео)

Аткаминер жигердүү жеткинчекке белектерин да тапшырган

Борбор калаанын мэринин орун басары Виктория Мозгачева И.В. Панфилов атындагы №6 мектеп-гимназиясы автордук окуу-тарбия комплексинин 5-Д классынын окуучусу Чагатай Абакунов менен жолугушту. Чагатай актуалдуу темаларда, анын ичинде мектептеги бейбашчылык тууралуу видеолорду тартып, Instagram желесиндеги өзүнүн Chaga_boom баракчасына жайгаштырып келет.

Мэрдин орун басары Чагатайга жигердүүлүгү жана теңтуштарына кызыктуу маалыматтарды бөлүшкөнү үчүн ыраазычылык билдирип, китеп белекке берди.

Виктория Мозгачева муниципалитет ар дайым активдүү жарандарды колдоорун жана демилгелерге ачык экендигин белгиледи.

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх