Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Туура эмес сайылган ийненин айынан чыканагы кесилген ымыркайдын окуясы боюнча милиция түшүндүрмө берди

Баланын апасы райондук прокуратурага кайрылган

Токтогул районунда дарыгерлердин шалаакылыгынын айынан ымыркайдын колу кесилгени боюнча текшерүү жүрүп жатканын Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Мекемеден баланын апасы райондук прокуратурага кайрылганын такташты. Маалым болгондой, ымыркайды ата-энеси дене табы көтөрүлгөнүнөн  Токтогул райондук ооруканасына алып барышкан. Дарыгерлер уулунун колуна туура эмес укол сайышып, кийин Бишкек шаардык балдар ооруканасынын дарыгерлери чыканагынан ылдый кесип салууга аргасыз болушкан.

Прокуратура аялдын арызын РИИБге жөнөткөн. Аталган факты 2023-жылдын 28-февралында каттоого алынып, тергөөгө чейинки иш-чаралар башталган. Тиешелүү экспертизалар дайындалды. Учурда бул фактыны Токтогул РИИБнин тергөө бөлүмү текшерип жатат.

- Экспертизанын корутундусунан кийин кылмыш ишин козгоо боюнча чечим чыгарылат, — деп билдиришти РИИБнен.

Эске салсак, буга чейин журналист Баяна Кулова өзүнүн Facebook баракчасына Токтогул районундагы дарыгерлердин шалаакылыгынан ымыркайдын колу кесилгенин жазып чыккан.

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх