Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сабак учурундагы түз эфир. Билим берүү министрлиги териштирүү жүргүзөрүн билдирди (видео)

Окуучулардын адепсиздиги коомчулукта кызуу талкууга алынууда

Социалдык тармактарда сабак учурунда TikTok тармагында түз эфир жүргүзүп, өздөрүн адепсиз алып жүргөн мектеп окуучуларынын видеосу тарады. Мугалимдин класста болгонуна карабастан, балдар ызуу-чуу кылып, окуучулардын бири партага отуруп алып, колдонуучулары калтырган комментарийлерди үнүн чыгарып окуп жатканын көрүүгө болот.

Окуучулардын бейбаштыгы менен адепсиздиги коомчулукта кызуу талкууга алынып, социалдык тармактардын колдонуучуларынын сынына кабылды. Алдын ала маалыматка ылайык, окуя Бишкек шаарындагы № 91-окуу гимназиясында болуп өткөн.

Vesti.kg мектептин администрациясы менен байланыша албаганы менен Билим берүү жана илим министрлигине чыгып, алар аталган факты боюнча министрлик сөзсүз текшерүү жүргүзүп, расмий жооп берерин билдиришти.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх