Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Германиянын жашоочулары жол кырсыгынан каза болгон кыргызстандык айдоочунун үй-бүлөсүнө жардам уюштурушкан

Чогулган каражатка үй-бүлө Бишкектен төрт бөлмөлүү батир сатып алышканы маалым

Германиянын жашоочулары кырсыктан каза болгон кыргызстандыктын үй-бүлөсүнө турак-жай сатып алууга жардам беришти. Бул тууралуу Made in KG брендинин негиздөөчүсү Бакыт Дегенбаев Facebook баракчасына жазды.

- Германияда былтыр кырсык болуп, анын кесепетинен Кыргыз Республикасынан келген айдоочу каза болгон. Кырсык болгон шаардын мэри маркумдун үй-бүлөсүнө каражат чогултууну жарыялады. Бул акцияга көптөгөн шаар тургундары кол сунуп, ал тургай маркумдун артында калган жубайы менен 4 баласына жолугушууга Сокулукка келип кетишкен. Немистердин чогулткан акчасына алар Бишкектин 7-кичи районунан 4 бөлмөлүү батир сатып алышкан», - деп жазган Дегенбаев.
Маалыматка ылайык, окуя 2022-жылдын январь айынын башында Хаммерсбах шаарынын жанында болгон. Майн-Кинциг аймагындагы А45 унаа жолунда май куюучу жай менен эс алуу жайынан чыккан өрттүн кесепетинен эки адам мерт кетип, алардын бири Кыргызстандын жараны болгон. Ал жүк ташуучу болуп иштеген. 

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх