Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Илья Варламов туркмөн паспортун алдым деп тамалашап койгонун билдирди

"Түндүк Кореяга көчүп кеткен менен эле барабар го"

Орусиялык блогер Илья Варламов түркмөн жарандыгын алдым деп тамашалап койгонун Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Эске салсак, буга чейин ал ошол эле баракчасына жаңы паспорт менен сүрөтүн жарыялап, Түркмөнстандын жарандыгын алып, көчүп кетээрин жазган эле.

- Кечээ мен Түркмөнстандын бир жараны менен сүйлөштүм, ал диктатуранын тушунда жашоо кандай өтүп жатканын, жаңы акылга сыйбаган эрежелер жана мыйзамдар, Бердымухамедовдордун зулумдугу жөнүндө айтып берди. Ошондо анын паспорту менен сүрөткө түшүп койгом. Кимдир-бирөөлөр мындай тамашага ишенет деп деле ойлобоптурмун. Түндүк Кореяга көчүп кеткен менен эле барабар. Жок, ишенмек турсун, досторум, тааныштарым куттуктап телефон чалып жатышты, - деп жазган ал.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх