Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Акылбек Жапаров менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин эки тараптуу жолугушуусу болду

Эмнени талкуулашты?

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Өзбекстан Республикасына жумушчу сапарынын алкагында Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушту. Бул тууралуу кабминдин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык, инвестициялык, энергетикалык, транспорттук-өндүрүштүк секторлордогу, логистикадагы кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, ошондой эле аймактар аралык жана маданий-гуманитардык байланыштарды активдештирүү маселелерин талкуулашты.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө өнөр жай кооперациясы, айыл чарба, энергетика, транспорт тармагындагы өз ара аракеттенүүнү мындан ары кеңейтүү үчүн чоң потенциал бар экендиги белгиленди.

Автоунаа өнөр жайындагы кооперациялык долбоорлорду, биргелешкен пахта-текстиль кластерлерин түзүү жана электр приборлорун өндүрүү боюнча долбоорлорду тез арада ишке ашыруунун маанилүүлүгү белгиленди.

Министрлер Кабинетинин башчысы Кыргыз Республикасы боордош республика менен жакшы коңшулаштык жана өз ара урматтоо принциптерине негизделген ар тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүгө өзгөчө маани берерин белгиледи.

«Мунун далили катары жакында эле Кыргыз Республикасына болгон иш сапарыңызда кол коюлган ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө Декларация болуп саналат. Үстүбүздөгү юбилейлик жыл кыргыз-өзбек өз ара пайдалуу кызматташтыгынын бардык тармактарында жаңы жетишкендиктер, ошондой эле жогорку деңгээлде жетишилген бардык макулдашууларды ийгиликтүү ишке ашыруу менен коштолот деп ишенем»,- деп белгиледи Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх