Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекке жакын Орто-Сай айылында 20 миң кишилик заманбап «Ыйман борбору» мечитинин курулушу башталды

Мечиттин курулушу чет элдик инвесторлор тарабынан жүргүзүлүүдө, долбоордун баасы 51 млн АКШ долларына бааланган

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кечээ, 10-мартта, Орто-Сай айылында заманбап “Ыйман борбору” мечитинин курулушуна капсула салды.

Эки кабаттуу диний жай 20 миң кишиге ылайыкташып, намаз окууга жана дин таанууга бардык шарттар түзүлөт. Намаз комплексинин курамына административдик имарат жана руханий билим берүү мекемеси - медресе кирет.

Мамлекет башчысы келечекте бул мечит Орто-Сай айылынын көркүнө көрк кошуп, архитектуралык көрүнүшүн арттырып, ошону менен бирге мусулмандардын ибадат кылуусуна жаңы жер пайда болот, деп өз сөзүндө белгиледи.

Садыр Жапаров Кыргызстан калкынын басымдуу бөлүгү Ислам динин тутарын белгилеп, кыргыз эли Жаратканга ишенип, ага болгон ишенимин көкүрөгүнө бекем сактай турганын кошумчалады.

 

Мечиттин курулушу чет элдик инвесторлор тарабынан жүргүзүлүүдө, долбоордун баасы 51 млн АКШ долларына бааланган.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх