Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

15-марттан тарта Исанов көчөсүнүн бир бөлүгү бир тараптуу болот

Мэрия эмне себептен мындай чечимди кабыл алганын түшүндүрдү

15-марттан тарта Исанов көчөсүнүн Токтогул көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейинки бөлүгүнүн түштүк багытында бир тараптуу кыймыл уюштурулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мындай чечим жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү жана өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча штабдын жыйынында кабыл алынды.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгы боюнча Милициянын кайгуул кызматынынын башкармалыгы Исанов-Токтогул-Москва көчөлөрүнүн кесилишинде жүргүзгөн иликтөөдө Исанов көчөсү менен түндүктү көздөй бара жаткан унаалардын агымы Москва көчөсүнөн бурулуп бара жаткан унаалардын эркин жүрүүсүнө тоскоол болуп, унаа тыгынын жаратканын көрсөткөн. Аталган көчөдө бир тараптуу кыймылды уюштурууда айдоочулар Тоголок Молдо көчөсү менен түндүктү көздөй айдай алышат.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх