Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутаттын ур-токмогунан жабыркаган жарандын абалы айтылды

Жабырлануучу депутаттын үстүнөн арыз жазган

Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абировдун катышуусунда мушташтан жабыр тарткан жарандын абалы учурда канааттандырарлык.

Дарыгерлердин берген маалыматына караганда, жабырлануучунун баш сөөгү жабыркап, мээси чайкалган жана мурду сынып, көзүнөн жаракат алган. Учурда анын абалы канааттандырарлык деп бааланууда.

Эскерте кетсек, буга чейин Бишкектин “Золотой дракон” ресторандарынын биринде мушташ тартылган видео социалдык тармактарга тараган. Мушташка аралашкан депутат Жаныбек Абировдун үстүнөн милицияга арыз жазылган.

Жабыркаган жарандын апасы бүгүн журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, бул иштин тыкыр иликтенүүсүн президенттен суранган.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх