Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Каныбек Иманалиев кинорежиссер Руслан Акун менен жолугушту

Ал режиссерге чыгармачылык ийгиликтерди каалап, билим берүү тармагынын кадыр-баркын жогорулатууда режиссер менен иштешүүгө кызыкдар экенин белгиледи

Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев кинорежиссер Руслан Акун менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда министр интернет айдыңында негативдүү, адамдын аң-сезимине терс таасир берген маалыматтар кеңири жайылып жаткан убакта терең мааниге ээ, маңыздуу тасмаларды жаратып жаткан режиссердун эмгектерин жогору бааларын айтты.
Каныбек Иманалиев “Агай” сериалын кызыгуу менен көрүп жатканын, мугалимдин басып өткөн жолун, ишмердүүлүгүн жана коомчулуктагы ордун чагылдырган мыкты тасма тартылганын белгилеп, жаратуучуларга ыраазычылык билдирди.

- “Агай” сериалы ушунчалык жогорку чеберчилик менен тартылыптыр. Жумуштан үйгө барып, түн уйкумду курмандыкка чалып болсо да көрүп жатам. Анткени сиз тартып жаткан тасмалар бугүнкү күндө актуалдуу. Сиздин артыңыз менен көптөгөн жаштар мугалим кесибине ээ болгусу келип, агартуучуларга болгон сый-урматы артып жатканына ишенем”,-деди Каныбек Иманалиев.

Министр Руслан Акунга чыгармачылык ийгиликтерди каалап, билим берүү тармагынын беделин жогорулатууда режиссер менен иштешүүгө кызыкдар экенин белгиледи.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх