Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жаныбек Абиров ур-токмокко алган жигит аны кечирди

Абиров жабырлануучу менен анын үй-бүлөсүнө өзү барып кечирим сурады

Чуулгандуу мушташтан кийин депутаттык мандатын тапшырган Жаныбек Абиров жабырлануучудан, анын апасынан кечирим сурады. Алардын Абировду кечирип кол алышып жаткан сүрөттөр социалдык тармактарда тараган.

Эске салсак, 11-мартта Абиров борбор калаадагы “Золотой дракон” ресторанынын жанынан жеке күзөт кызматынын кызматкерин сабап салган.

Жабырлануучу баш мээнин жабык жаракаты менен Улуттук госпиталга жаткырылган. Бул окуяга президент Садыр Жапаров реакция жасап, 13-мартта окуяга тиешеси бар эки шектүү милиция тарабынан кармалган.Кечээ Жаныбек Абиров депутаттык мандаттан баш тартуу боюнча арызын БШКга тапшырган.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх