Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Борбор калаада таштандыларды жер астына сактоо долбоору сунушталды

Аянтча 2 таштанды контейнери менен жабдылган

Борбор калаада вице-мэр Жыргалбек Шамыралиев менен “Тазалык” муниципалдык ишканасынын директору Рамиз Алиевдин катышуусунда Раззаков жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде таштандыларды жер астындагы сактоочу жайдын долбоору сунушталды.

Иш-чара “Бишкек шаарындагы катуу таштандыларды чыгарууну башкаруу системасын жакшыртуу” долбоорунун алкагында ишке ашырылууда.

Аянтча 2 таштанды контейнери менен жабдылган.

«Тазалык» муниципалдык ишканасынын тендерине ылайык, долбоорду Түркиянын ОсОО «Агентство Интернэшнл Консалтинг» ЖЧК компаниясы ишке ашырууда.

Заманбап технологияларды киргизүү таштандыларды чогултуунун жана сактоонун жаңы системасын түзүүгө, ошондой эле шаар көчөлөрүнүн эстетикалык көрүнүшүн жакшыртууга мүмкүндүк берет. Ошол эле учурда таштанды контейнерлеринин жана участокторунун жанында тазалыкты жана тартипти түзүүгө өбөлгө түзөт, тамак-аш калдыктарынын чиришинен жыт болбойт. Эң негизгиси, кабыл алуу пункттары мындан ары жолбун жаныбарлардын чогулган жери болбойт.

Белгилей кетсек, долбоор борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун көзөмөлүндө.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх