Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте эмгек миграциясынын маселелери талкууланды

2023-жылдын 28-мартында Мигранттардын Эл аралык федерациясынын демилгеси менен Бишкекте “Эмгек миграциясы өлкөнү өнүктүрүү ресурсу катары” аталышында тегерек стол болуп өттү.

Тегерек столдо тышкы эмгек миграциясынын көйгөйлөрү талкууланып, мамлекеттик органдар үчүн аларды чечүү боюнча сунуштамалар жыйнакталды.
Тегерек столдо басым Кыргызстандын эмгек мигранттарына мамлекеттик колдоо көрсөтүү маселелерине жасалды.

Иш-чарада аталган тема боюнча Мигранттардын Эл аралык федерациясынын жетекчиси Лола Огонбаева жана КРнын Жогорку Кеңешинин алдындагы Мигранттардын кеңешинин секретариатынын өкүлү Улан Ногойбаев доклад окушту. Л. Огонбаева кыргызстандыктардын эмгек миграциясынын келечегин баяндаса, У. Ногойбаев Кыргызстан үчүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдүн Россия менен Беларустан релокация маселелерине токтолду.


Саамалыкка катышкан Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты Аалы Карашев талкуулардын жүрүшүндө бир нече сунуштарды киргизди.

Аалы Карашев ЕАЭБдин мүчөсү болгон өлкөлөрдүн жарандарынын жүрүү мөөнөтүн узартууну белгиледи. Мисалы, ЕАЭБдин мүчөсү болгон жарандын картасын киргизүү. Мындай карта жарандар кайсы өлкөдө болгонунан көз карандысыз түрдө укуктарын теңдейт. Алсак, Кыргызстандын жарандарынын укуктары Россиянын жана ЕАЭБдин башка өлкөлөрүнүн жарандарынын укуктары менен бирдей болуп калат. Ошондой эле аталган карта адамдардын инсандыгын тактаган жана QR-код менен жабдылган документтердин катарын толуктамак.

Аалы Азимовичтин айтымында, жеке бөлмө принциби боюнча эмгек мигранттары үчүн атайын адистешкен мобилдик тиркеме иштеп чыгуу кажет. Анда бардык эсептик маалыматтар сакталып, документтерди алуу, каттоого туруу боюнча сервистердин кызматтары камтылмак. Бул өз кезегинде мигранттардын бирдиктүү маалыматтарынын базасын түзүүнү шарттап, алардын талаптарына оперативдүү жана комплекстүү түрдө жооп берүү жана көмөк көрсөтүүгө өбөлгө түзөт.
Мындан тышкары мындай маалыматтар базасы мамлекетибизге чет өлкөлөрдө иштеп жаткан жарандарыбыздын так санын аныктоого жардам бермекчи,- деп белгиледи А. Карашев.

Экс-парламентарийдин пикиринде, эмгек мигранттарын инвестор катары таануу керек. Ал үчүн мигранттардын туулуп-өскөн аймактарында инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү үчүн “1+1” программасын ишке киргизүү зарыл. Ага ылайык, эгер эмгек мигранты кичи мекенинде ишкерлик менен алектенүүнү чечсе, мамлекет зарыл болгон шарттардын баарын түзүп берүү (жер бөлүп берүү, электр түйүндөрүнө улануу, салык жактан жеңилдетүүлөр ж.б.) менен чектелбестен, мигрант жасап жаткан инвестициянын өлчөмүндө пайызсыз ссуда берет.

Ошондой эле ал чет өлкөлөрдө мекендештерибизге жумушка орношууга жардам берүүчу атайын борборлорду ачуу керек (мекендештерибиз көп эмгектегенген өлкөлөрдө). Мындай борборлор жумуш табууга, 2 апта аралыгында убактылуу күн кечирүү, каттоо, камсыздандыруу жана башка кызматтарды камсыздап берет.

Кыргызстандыктар көп эмгектенген өлкөлөрдө кайрылууларды каттоо жана оперативдүү түрдө жооп жана кеп-кеңеш берүү үчүн тынымсыз иштөөчү колл-борборлорду уюштуруу зарыл. Ал үчүн балким мигранттарыбыз иштеген өлкөлөрдүн тиешелүү органдары менен макулдашууларды түзүү керектелет.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх