Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Улуттук онкология жана гематология борборуна эки заманбап аппарат сатып алынды

Жабдуулардын жалпы суммасы 1 млн 400 еврону түзөт

Улуттук онкология жана гематология борборуна жабыркаган көңдөй ичиндеги нур терапиясы үчүн арналган эки жаңы брахиаппарат сатып алынды. Жабдуулардын жалпы суммасы 1 млн 400 еврону түзөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Ведомствонун маалыматына караганда, күн мурун саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова Улуттук онкология жана гематология борборунун брахитерапия бөлүмүнө барган.

Баатырова жабдууларды карап чыгып, адистердин иши менен таанышты. Тиешелүү адистер — врачтар, инженерлер, физиктер окутуудан өткөрүлдү.

Ошондой эле Улуттук онкология жана гематология борборунун директору Бактыгүл Султангазиева борбордун поликлиникасын оңдоо иштерине бюджеттен 31 миллион сом бөлүнгөнүн, имаратты оңдоо иштери жакынкы аралыкта башталарын билдирди.
Министр өлкө калкын сапаттуу медициналык тейлөө менен камсыздоого мүмкүндүк берген мындай иш-чаралардын маанилүүлүгүн белгилеп, жаңы жабдууларды сатып алуу бул багыттагы маанилүү кадам экенин айтты.

«Улуттук онкология жана гематология борборунун брахитерапия бөлүмүндө жыл сайын гинекологиялык оорулар менен жабыркаган 300 аял дарыланып, дагы эки жаңы аппараттын орнотулушу менен гинекологиялык оорулар менен гана эмес, башкалар оорулар менен да келген бейтаптарыбызга көрсөтүлгөн нур терапиясынын көлөмүн көбөйтө алабыз», - деди Бактыгүл Султангазиева.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх