Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Балыкчыда рейддин алкагында дайынсыз жоголгон бала табылды

Мындан тышкары, базарда соода жүргүзгөн 7 жаш өспүрүмдөр аныкталды

Балыкчы шаарында "Көзөмөлсүз калгандар" рейдинин алкагында дайынсыз жоголгон 12 жаштагы бала табылды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, рейд 29-марттан 30-мартка чейин жаш өспүрүмдөр арасында кароосуз калуунун, үйдөн өз эркинче кетүүнүн алдын алуу, ошондой эле иштеген жана кайыр сураган балдарды аныктоо максатында өткөрүлгөн.

Рейд учурунда Балыкчы шаарынын аймагында жайгашкан коомдук жайлар, соода борборлору, интернет-клубдар текшерилди. Рейддин жүрүшүндө 23-марттан бери дайынсыз жоголгон 12 жаштагы бала изделип табылып, ата-энесине өткөрүлүп берилген.

Мындан тышкары, базарда соода жүргүзгөн 7 жаш өспүрүмдөр аныкталды. Алардын ата-энелери менен профилактикалык сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.
Рейддин жыйынтыгы менен Балыкчы шаарынын мэриясына, балдарды коргоо, билим берүү бөлүмдөрүнө, орун алган көйгөйлүү маселелер боюнча 6 сунуш, 16 маалыматтар жиберилди.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх