Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Токмок шаарында 309 млн сомдук өнөр жайы багытындагы жерлер мамлекетке кайтарылды

Жалпы аянты 31,6 га өнөр жайы багытындагы жер тилкелеринин муниципалдык менчикке өткөрүлбөй калганы аныкталган

Чүй областынын Токмок шаардык прокуратурсаы тарабынан көзөмөл иретинде муниципалдык менчике жер тилкесин кайтаруу багытында Токмок шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгында текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Текшерүүдө, Токмок шаарынын Жантаев көчөсүндө жайгашкан жалпы аянты 31,6 га өнөр жайы багытындагы жер тилкелеринде карата укук тастыктоочу жана укук күбөлөндүрүлгөн документтери алынбай, муниципалдык менчиккке өткөрүлбөй калгандыгы аныкталган.
Натыйжада, жол берилген мыйзам бузууларга карата прокурордук акты келтирилип, кароонун жыйынтыгында 309 млн 92 миӊ 760 сомго бааланган, жалпы аянты 31,6 га өнөр жайынын, транспорттун байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер Токмок шаарынын муниципалдык менчигине кайтарылды.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх