Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Канатбек Абдрахматов: “Сейсмология институту БААУ менен кызматташунунун негизинде илимий иштерин бир кыйла эффективдүү алып барат деген үмүттөбүз”

Биз буга чейин Улуттук илимдер академиясы менен Борбор Азиядагы Америкалык университетинин биргелешкен долбоору жөнүндө айтканбыз. Анын алкагында КРнын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун жаңы изилдөөчүлүк имаратынын курулуш иштери аягына чыгарылууда. Жакында институттун кызматкерлеринин карамагына илимий-изилдөөчүлүк иштерди эффективдүү алып баруу жана Кыргызстандын сейсмикалык коопсуздугун көзөмөлдөө үчүн шарт түзгөн заманбап ыңгайлуу имарат өтөт. Аталган институттун жетекчиси кызматынан кеткенине көп убакыт бобогон учурда Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти Канатбек Ермекович Абдрахматов БААУ менен УИАнын кызматташуусунун негизинде ишке ашырылып жаткан долбоордон эмнелерди күтүп жаткандыгы тууралуу кеп курду.

– Түркиядагы жер титирөөлөрдөн кийин андай кырсыктар биздин өлкөдө да орун алып калуусу мүмкүн экендиги кыргызстандыктарда коркууну жаратты. Ошол окуялар кандайдыр-бир себептерден улам бизде да сейсмикалык корунучтарды жаратуусу мүмкүнбү?

– Биз сейсмикалык коркунуч бар өлкөдө жашап жаткандыгыбызды эске алуубуз керек. Жыл сайын бизде 13 000 сейсмикалык окуялар орун алып, алардын ичинен биз 25ин гана сезебиз. Адатта андай көрүнүштөрдүн күчү 4-5 баллдан ашпайт. Алар чынында алсыз жер силкинүүлөр болуп, чоң кыйроолорго алып келбейт. Айтор жер титирөөлөр бизде болуп келген жана келечекте да боло берет. Тарыхка кайрылсак, биздин аймакта Түркияда орун алган жер титирөөлөрдөн да оорлору болгон. Мисалы, 1911-жылы Чоң-Кеминде күчү максималдуу болгон 11 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бирок анда курмандыктар менен кыйроолор көп болгон эмес, анткени ал аймакта ошол мезгилде адамдар көп жашаган эмес.
Түркияда катталган жер титирөөлөр Кыргызстандагы сейсмикалык абалга таасирин тийгизе албайт. Аралыгыбыз алыс болуп, бир нече миң километрлер бөлүп турат. Анын үстүнө биз башка тектоникалык аймакта, тектоникалык плиталарда жайгашканбыз. Андыктан ага байланыштуу бизде да кандайдыр-бир окуялар ишке ашат дегенден алысмын.

Кыйроого учураган бүтүн бир шаарларды көрүү чынында үрөйдү учурган көрүнүш. Чыгармаларда кездезкен “үйлөр кагаздан жасалган сыяктуу эле кыйрады” деген сөз айкалышы чындыкка айланды. Видео жана фотолордон көрүнүп тургандай, үйлөр катмарланып бышырылган пирог сыяктуу эле болуп калды. Анан да кыйроого учураган үйлөрдө арматуралардын жоктугу көзгө илинет. Демек, аларды курууда сейсмикалык коркунучтар эске алынган эмес. Ошондой эле кыйроого учураган үйлөрдүн көбү жер сыныгынын аймагында жайгашкандыгы билинди. Кыйроолордун себеби да дал ошол сыныктан улам болду десек жаңылышпайбыз. Өз кезегинде биздин коомчулукту борбор шаарыбызга жакын жайгашкан Ысык-Ата жер сыныгы кызыктырбай койбойт. Ушул жерден белгилеп кетчү нерсе, көпчүлүк жарандарыбыз геология тармагында билимдеринин аздыгына байланыштуу эки башка нерсени бири-бири менен чаташтырып келет. Бул сыныктын өзү жана анын таасир этүү аймагы. Сынык бул жердеги жарык. Ысык-Ата сыныгынын кеңдиги 2-3 метрди түзөт, айрым жерлерде 5 метрге чейин жетет. Болгондо да ал жарык көзгө көрүнбөйт, байкалбайт. Жер титирөө болгон учурда гана пайда болот. Ал эми анын таасир этүү аймагы ошол жарыктан баштап түндүк багытты көздөй 1500 метрге жайылат. Жарыктын кеңдиги 1500 метрге чейин жетүүсү мүмкүн эмес жана эң чоң коркунучту жарыктын өзү туудурат. Эгер сиз сыныктын үстүнө үй курсаңыз, анда сынык үйүңүзгө түздөн-түз таасир этет. Ал жарык болгондуктан жылып отурат да, анын үстүндө турган үйүңүз кыйроого учурайт.

Жер титирөөлөр учурунда сынык сейсмикалык толкундарды чыгарып, анын тегерегинде башка аймактарга караганда жер силкинүүлөр бир топ катуу сезилет. Сыныктын таасир этүү аймагы деген ушул. Ал аймактан канчалык алыстаган сайын силкинүү толкундары азая баштайт. Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндө куруучулардын баары жер титирөөгө туруктуу үйлөрдү куруу менен жер титирөөлөргө каршы турууну үйрөнүштү. Мен ар дайым бир гана нерсени сурап келем. Япония дээрлик жер титирөөлөрдүн чордонунда жайгашканын, ал жакта жер силкинүүлөр такай болуп турганын, жылына 100 000 жер титирөө катталганын баары билет. Эмне үчүн Японияда 50-60 кабаттуу үйлөрдү курууга болот да, ал эми Кыргызстанда болбойт? Эмне себептен тактыкты жакшы көргөн япондор ошондой үйлөрду куруудан коркпойт? Курулуш технологиялары өркүндөтүлгөндүктөн жер титирөөлөр көп болгон аймактарда да көп кабаттуу үйлөрдү куруу мүмкүн болуп калды.

- КРнын УИА менен БААУнун кызматташуусу жакынкы арада кандай өнүгөт?

- БААУ менен көп мезгилден бери иштешип келебиз, келечекте мындан да тыгыз кызматташуу пландарыбыз бар. Биз биргелешкен окутуу-илимий лаборатория түзүүнү каалайбыз. Биздин илимдин кандидаттары менен докторлору БААУда сабак берсе, ал эми БААУнун студенттери бизге келип, Сейсмология институтунун лабораторияларында окуп-үйрөшүшсө деген ой-тилектерибиз бар. Баса, биздин институтта жер титирөөлөрдү иликтөө, каттоо, багыттарын аныктоо боюнча эң заманбап жабдуулар бар. Тилекке каршы учурда дүйнөдө жер титирөөлөрдүн так убактысын эч ким алдын-ала айтып бере албайт.

Жер титирөөлөр негизи эмне себептен иликтенет? Албетте кандайдыр-бир жол менен болсо да алардан сактануу үчүн. Алар кантип пайда болот, сейсмикалык толкун кантип жүрөт, алар кайда көбөйөт да, кайда азаят? Азыр бүт дүйнө маалыматтарды, фактыларды чогултуу менен убара. Жер титирөөлөр тууралуу маалыматтардын баары кандайдыр-бир бүтүн көрүнүшкө келтирилгенден кийин гана жер титирөөлөрдү божомолдоого мүмкүндүк жаралат. Сейсмологдор үчүн төмөнкүчө суроолордун триадасы бар: жер титирөө кайда, кандай кубаттуулукта жана качан болот? Ушул тапта биз алгачкы эки суроого толук кандуу болбосо да жарым-жартылай жооп бере алабыз. Ал эми үчүнчү суроого дүйнөдө эч ким жооп бере албайт. Жер титирөөлөр жердин түбүндө алыстыкта ишке ашат. Сейсмологдор көрүнгүс түзүмдөр жана материялар менен иштегендиктен, так аныктоодо кыйынчылыктар жаралып келет. Соңку мезгилде биз көптөгөн процесстерди түшүнүп, бир топ алга жылдык, ошентсе да биздин планетабыз жөнөкөй эмес болуп чыкты. Анын курулушу жөн гана ядро, мантия, кыртыштан гана турбастан, абдан татаал түзүмдөргө да ээ. Катмарлар температура, нымдуулук сыяктуу көптөгөн башка параметрлери менен айырмаланып турат. Андыктан алардын баарын эске алуу абзел.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх