Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Борбор калаанын мэриясы №1 гимназия-интернатындагы кырдаал тууралуу билдирет

Бүгүн аталган мектепте окуучулардын катышуусунда митинг орун алган

Борбор калаанын мэриясы окуучулардын катышуусунда бүгүн митинг орун алган №1 гимназия-интернатынын тегерегиндеги кырдаал боюнча маалымат берди. Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаменти тарабынан ведомстволор аралык комиссия түзүлүп, №1 гимназия-интернатынын ишине текшерүү жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө тамак-ашты уюштурууда одоно бузуулар, кадрдык жана уюштуруу ишинде бирдиктүү мамиленин жоктугу аныкталган.

Комиссия педагогикалык жамааттан, Бишкек шаарынын прокуратурасынан, Бишкек шаардык кеңештин депутаттарынан гимназия-интернаттын ишиндеги мыйзам бузуулар боюнча келип түшкөн кайрылуунун негизинде түзүлгөн.

Шаардык интернат тибиндеги мектептерде балдардын жашоосу жана окуусу үчүн тийиштүү шарттарды камсыз кылуу, окуучуларды усулдук жана социалдык жактан коштоонун бирдиктүү формасын түзүү максатында, №1-мектеп-интернатты Тоголок Молдо атындагы №71-мектеп-интернатка кошуу жолу менен "Тоголок Молдо атындагы Бишкек мектеп-комплекси" аталышы менен кайра уюштуруу чечими кабыл алынган.

Азыркы учурда "Бишкек мектеп-комплексинин" мугалимдери менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө жана кызматкерлердин жашаган жерин же ээлеген кызматына жараша башка каалоолорун эске алуу менен Бишкек шаарынын мектептеринде башка иш орду сунушталууда.

Мурдагы директор Н.С. Матканова боюнча, ал КРнын Эмгек кодексинин 83-беренеси боюнча бир нече жолу одоно тартип бузуулар менен иштен бошотулган, ошол эле учурда ал документтерди тапшыруудан, ошондой эле кабинеттен баш тарткан жана директордун милдетин аткаруучунун ишине тоскоолдук кылган.

Эске салсак, буга чейин шаардык кызматтар №1-гимназия-интернатынын аймагындагы муниципалдык эки кабаттуу жайды өз билемдик менен басып алган адамдарды (мурдагы жетекчиликти) көчүрүү боюнча иштерди жүргүзүшкөн.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх