Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Билим берүү министрлиги: Ошто окуучу кыздар атырга ууланган эмес

Буга чейин социалдык тармактарда Ошто мектептин окуучулары атырга ууланып, ооруканага түштү деген маалыматтар тараган

Ош шаарындагы мектептердин биринин 6-классынын үч окуучусу атырга ууланган эмес. Бул тууралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын берген маалыматына таянып Билим берүү жана илим министрлиги билдирет.

Эскерте кетсек, буга чейин социалдык тармактарда аталган мектептин окуучулары атырга ууланып, ооруканага түштү деген маалыматтар тараган.

Министрликтин билдирүүсүңө караганда, окуя 15-апрелде болгон.

Танапис учурунда балдар класска атыр себишкен. Мындан улам класстагы 38 окуучунун үчөө жагымсыз жыттан жана орозо кармагандыктан башы айланып, бул тууралуу мугалимге билдиришкен, алардын орозо кармап жатканы белгилүү болгон.

Мектеп директору буга чейинки окуучулар арасында атырга ууланган окуялардан улам чочулап, окуучуларды ооруканага өзү алып барган. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында эки окуучу кыздын ден соолугу туруктуу болгондуктан, үйлөрүнө ата-энелерине тапшырылган. Ал эми бир окуучу кыз ата-энесинин өтүнүчү менен бир күнгө ооруканада калтырылып, эртеси үйүнө чыгарылган.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх