Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек мэриясы: «Мадина» базары иретке келтирилет

Шаардык кызматтар базарды ирээтке келтирүү боюнча жыйын өткөрүштү

Шаардык кызматтар «Мадина» базарында жыйын өткөрүштү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Күн тартибинде: тыгындарды чечүү, стихиялуу унаа токтотуучу жайларды, соода объектилерин жана жарнамалык структураларды иретке келтирүү каралды.

Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы соода объектилерин тартипке келтирип, Менделеев көчөсүндөгү жана базардын айланасындагы мыйзамсыз орнотулган курулуштарды бузууну колго алды.

«Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик башкармалыгына Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментинин алдындагы «Бишкек унаа токтоочу жай» МИсине андан ары бекитип берүү үчүн Менделеев көчөсүн бойлото унаа токтотуучу жайларды уюштуруу боюнча сунуштарды киргизүү тапшырылды.

Бишкек шаарынын Патрулдук милиция кызматы башкармалыгы жогорудагы көчөдө стихиялуу унаа токтотууларды жоюу жана автотранспорттук кыймылды иретке келтирүү маселесин чечүүгө көмөктөшүп, өзгөчө көзөмөлгө алат.

Мындан тышкары, Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жарнамалык конструкцияларды демонтаждоо иштери жүргүзүлдү. Эми дагы 179 жарнама борбордун көркүн бузбайт.

Ошондой эле, Менделеев көчөсү 91 б жана 93 даректеринде жайгашкан мыйзамсыз орнотулган 2 бастырма алынды.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх