Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте “Эскерүү оту” эл аралык акциясы өтөт

7-майда саат 10:30да Жаш Гвардия бульварында жайгашкан Баатырлар аллеясында Кыргызстандын коомдук, жаштар, ардагерлер уюмдарына эскерүү отун тапшыруу аземи жана митинг-реквием өтөт.

Белгилей кетсек, акциянын катышуучулары Москва кремлинин жанында жайгашкан белгисиз жоокердин мүрзөсүнөн Түбөлүк оттун бир бөлүгүн 8 баатыр-шаарга жана дүйнөнүн 11 өлкөсүнө, анын ичинде Бишкек жана Ош шаарларына жеткиришет.

Иш-чараны Роскызматташтыктын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгү согуштун, эмгектин, куралдуу күчтөрдүн, укук коргоо органдарынын жана тылдын ардагерлеринин республикалык кеңеши менен биргеликте борбор калаанын мэриясынын колдоосу менен өткөрүүдө.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх