Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ат-Башы районунун аймагына "өзгөчө кырдаал" режими киргизилди

2-майдан тарта Арпа өрөөнүндө аба ырайы кескин өзгөрүп, кар калың жааган

Нарын облусунун Ат-Башы районуна "өзгөчө кырдаал" режими киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Белгилүү болгондой, 2-майдан тарта Ат-Башынын Арпа өрөөнүндө аба ырайы кескин өзгөрүп, кар калың жаап, жайлоодо 5 үй-бүлө мал жандыктары менен калган. Малчылардын короосунда 867 уй, 1400 кой бар. Учурда малчылардын тамак-аштары жетиштүү, бирок мал жандыктардын тоюту жок болгондугуна байланыштуу малчылар жардам сурап кайрылган.

ӨКМден ыкчам топ тартылып, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте малчыларга 680 түк чөп жеткирилди. Учурда жол каттамы ачык.
Ошондой эле Арпа өрөөнүндөгү Ак-Бейит, Беш-Сары, Ичке, Кемесия тилкелеринде калган малчыларга ыкчам жардам көрсөтүү жана кырдаалды жөнгө салуу максатында Ат-Башы райондук акиминин бйругу менен 3-майдан тартып райондун аймагына “Өзгөчө кырдаал” режими убактылуу киргизилди.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх