Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектеги жер мунапысы боюнча дээрлик 2 миң арыз кабыл алынды

Документтерди кабыл алуу иштери уланууда

Учурда Бишкек мэриясынын Жеке турак жай куруу жана шаар куруу департаменти тарабынан жерге мунапыс берүү боюнча документтерди кабыл алуу иштери уланууда.
Муниципалитеттен билдиришкендей, Ленин райондук комиссиясы тарабынан жер тилкелери боюнча 55 материал каралып, анын ичинен 4 жер тилкеси Жеке турак жай куруу жана шаар куруу департаменти менен тактап иштеп чыгуу үчүн жиберилген, 18 материалга жер участогуна жеке менчик укугу ыйгарылган.
Ал эми 33 материал жалпы тизме менен жер тилкесинин чек арасын аныктоо жана шаар куруу корутундусун иштеп чыгуу үчүн "Бишкекбашкыархитектура" мамлекеттик мекемесине жиберилди.

Бүгүнкү күндө 1885 арыз кабыл алынган.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх