Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектеги Көлмө конушунда үч көчө оңдолду

Жол оңдоо иштери "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы тарабынан аткарылды

Бишкектеги Көлмө жаңы конушунда үч көчө оңдолду.
Муниципалитеттен билдиришкендей, "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы тарабынан аталган конуштун Илим, Тынчтык жана Максат көчөлөрүндө курулуш иштери бүткөрүлдү.

"Илим көчөсүнө Мыскал көчөсүнөн Мидин көчөсүнө чейин жалпы узундугу 200 погондук метрди түзгөн жаңы асфальт төшөлдү. Ушундай эле иштер Тынчтык көчөсүнүн Мыскал көчөсүнөн Мидин көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жүргүзүлдү",- деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Максат көчөсүн бойлой Мыскал көчөсүнөн Мидин көчөсүнө чейин жолдун негизи даярдалып, ирригациялык системасы орнотулуп, жамгыр суусун тосуучу торлор, түтүктөр жана люктар, бетон плиталары орнотулуп, асфальт төшөлдү.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх