Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Дмитриевкадагы атайын операция учурунда документтери күйүп кеткен 18 чет элдик жаран жатаканага жайгаштырылды

Аларды тамак-аш, кийим-кече менен камсыздоо жергиликтүү бийлик тарабынан колго алынды

Ысык-Ата районундагы Дмитриевка айылында документтери күйүп кеткен 18 чет элдик жаран жатаканага жайгаштырылды. Бул тууралуу Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ысык-Ата районунун Дмитриевка айылында кылмышкерди кармоо боюнча атайын операциянын жүрүшүндө коңшу батирди убактылуу ижарага алып, жашап жаткан чет өлкөлүк 18 жарандын документтери күйүп кеткен.

Ысык-Ата районунун акими Алмазбек Осмонов чет өлкөлүк жарандар менен жолугушуп, аларды Кант шаарындагы жатаканага убактылуу жайгаштырды.
“Аларды тамак-аш, кийим-кече менен камсыздоо жергиликтүү бийлик тарабынан колго алынды. Алардын бири Беларустун, он жетиси Россиянын жарандары.

Чет элдиктер Кыргызстанга өз алдынча тоого чыгып эс алуу үчүн келишкен”, - деп белгилешти акимчиликтен.

Алар Россия, Беларусь элчилиги менен байланышып, документ маселелери чечилгенге чейин жатаканада жашайт.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх