Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эртең Кыргызстанда жалпы республикалык тестирлөө башталат

Бүгүн тест борборлорун даярдоо жана каттоого жетишпей калган абитуриенттер үчүн кошумча каттоо жүрүүдө

Эртең, 20-майда Кыргызстандын жогорку окуу жайларына 2023-жылы тапшыруу үчүн абитуриенттерге Жалпы республикалык тестирлөө башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 19-майда тест борборлорун даярдоо жана каттоого жетишпей калган абитуриенттер үчүн кошумча каттоо жүрүүдө.
Тест төмөндөгү график менен өтөт:

 I этап: 2023-жылдын 20, 21-майында (19-май – тест борборлорун даярдоо күнү);
 II этап: 2023-жылдын 23, 24-майында (22-май – тест борборлорун даярдоо күнү);
 III этап: 2023-жылдын 23, 24-июнунда - жүйөлүү себептер менен тест тапшырбай калган абитуриенттер үчүн мөөнөтүнөн кийинкиге калтырылган тестирлөө (22-июнь – тест борборлорун даярдоо күнү).
Белгилей кетсек, 2023-жылдын 3-мартынан 7-апрелине чейин жүргүзүлгөн каттоого жалпы 47 миң 383 абитуриент катталган. Андан кыргыз тилинде тапшыра тургандар – 28 миң 120, орус тилин тандагандар – 19 миң 263.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх