Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда "Эл үмүтү" стипендиясына документтерди кабыл алуу башталды

Документтерди онлайн кабыл алуу үстүбүздөгү жылдын 1-июнунан 30-июнуна чейин жүргүзүлөт

КР президентинин “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясына документтерди кабыл алуу башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Сынакка мыкты 100 университеттин тизмесине кирген ЖОЖго академиялык окууга кабыл алынгандыгын тастыктаган жарандар катыша алат.

Документтерди онлайн кабыл алуу үстүбүздөгү жылдын 1-июнунан 30-июнуна чейин жүргүзүлөт. Андан тышкары, документтердин оригиналын министрликтин 3-кабатында жайгашкан 317-кабинетке тапшыруу керек, - деп айтылат маалыматта.

Сынакка катышуу шарттары тууралуу кененирээк министрликтин сайтынан таанышууга болот.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх