Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ЖКККББ: Үч ай ичинде 1200гө жакын мас айдоочу айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылган

100 айдоочу үч суткага соттун чечими менен камалган

2023-жылдын 8-мартынан тартып, мас абалында унаа башкаргандардын жоопкерчилиги күчөтүлүп, мас айдоочуларга 17500 сом айып салуунун ордуна, бир жылга унаа башкаруу укугунан ажыратуу беренеси киргизилген.

Жаңы эрежелер күчүнө киргенден тартып, 8-марттан, 31-майга чейин, өлкө аймагында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери тарабынан 1770 мас айдоочу аныкталып, анын ичинен 1200гө жакын айдоочу соттун чечими менен унаа башкаруу укугунан ажыраган. Калгандары соттун кароосунда. Андан сырткары 100 айдоочу үч суткага соттун чечими менен камалган.

Эскерте кетсек, айрым беренелерге айып пулдардын жогорулатылгандыгынын себебинен жол эрежелеринин бузуунун баардык түрлөрү төмөндөп, анын ичинен мас абалында унаа башкаргандардын саны 46 пайызга азайган.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх