Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ташиев чек арадагы жаңжал учурунда жол кырсыгына кабылган Шоира Жулдибоева менен жолугушту

Ал жаңжалда жолдошу жана эки баласынан ажыраган айымга борбор калаадан үй алып берүүгө көмөк көрсөтөрүн билдирди

Бүгүн, 6-июнда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев чек арадагы жаңжал учурунда жол кырсыгына кабылган Жулдибоева Шоира Тухтаевна менен жолугушту. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын сентябрь айында кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу кагылышуу учурунда Шоира Жулдибоева үй-бүлөсү менен жол кырсыгына кабылышкан. Автоунаада жалпы 24 адам болгон, алардын 12си алган жаракаттан улам каза болгон. Анын ичинде Жулдибаеванын жолдошу Абдыганы Мамиров, уулу Абдырашидов Максатбек жана кызы Сумай Абдырашитова да болгон. Ал эми өзү 3 кызы менен алган жаракатынан улам майып болуп калышкан. Жулдибоева учурда кыздары менен Бишкек шаарында дарыланып жатат.

"Дарыгерлердин сунушу менен Ш.Жулдибоева жана анын кыздары Бишкектен дарылануусу зарыл, ал эми балдар психологиялык жактан жабыркап, Баткен облусуна үйлөрүнө кайтып баргылары келбейт", - деп айтылат маалыматта.

Жолугушууда Камчыбек Ташиев Бишкек шаарынан жеке турак-жай алууга көмөк көрсөтүүгө убада берип, ошондой эле дарыланууга материалдык жардам көрсөттү.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх