Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев документ ала албай келген жаранга идентификациялык (ID) картасын жана жалпы жарандык паспортун тапшырды

Ал кичинесинде ата-энесинен ажырап, өз фамилиясы кандай экенин билбей келген

2023-жылдын 23-майында “Facebook” социалдык тармагында КР УКМКнын төрагасынын атына жаран Николай Николаевич Дядькиндин Кыргыз Республикасынын улуттук паспортторун алууга көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылуу жарыяланган.

Кайрылууда Дядькин Николай жаштайынан ата-энесинен ажырап, өзүнүн чыныгы фамилиясын билбегендигине байланыштуу Кыргыз Республикасынын паспорттору менен эч качан документтештирилбегендигин белгилеген.

Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары тарабынан Дядькин Николайдын өздүгүн аныктоо боюнча бир катар иш-чаралар жүргүзүлүп, натыйжада алынган архивдик материалдардын негизинде ал Николай Николаевич Казейкин деп табылып, 1991-жылы Бишкек шаарында туулганы, улуту орус, ата-энеси чындап эле эрте каза болгону аныкталган. Үй-бүлөлүү, бир кызы бар.

2023-жылдын 12-июнунда Кыргыз Республикасынын УКМКнын төрагасы генерал-лейтенант Ташиев К.К. Николай Николаевич Казейкинге Кыргыз Республикасынын идентификациялык (ID) картасын жана жалпы жарандык паспортун жеке өзү тапшырды.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх