Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мэрия: Арча-Бешик конушунун тургундары бакчаларын ичүүчү суу менен сугарууда (видео)

Суу аталган конушка 8-июнга караган түнү келди

Арча-Бешик конушуна суу келип, тургундар бакчаларын сугара баштады.
Калаа бийлиги суу аталган конушка 8-июнга караган түнү келгенин билшдирди.

Конуштун жашоочулары дароо бакчаларын ичүүчү суу менен сугара баштады.

Борбор калаанын мэринин орун басары Жыргылбек Шамыралиев жооптуу шаардык кызматтардын өкүлдөрү менен биргеликте суунун келишин текшерип, сугат иштери менен алектенген тургундарды аныктоодо.

Эскерте кетсек, кечээ Арча-Бешик конушунун тургундары таза суу маселесинен улам Түштүк магистралын жаап салышкан. Ал жерге "Бишкексууканал" ишканасынын өкүлдөрү келип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн.

Камила Аляева

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх