Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте орусиялык ырчы Моргенштерндин концерти жарыяланган. Маданият министрлиги ага каршы

Бул тууралуу мекеменин жетекчисиАлтынбек Максутов Жогорку Кеңештин «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын жыйында билдирди. Жыйында депутат Алишер Козуев Моргенштерндин концертине каршы пикирин билдирген.

- Ал динден алыс, журт бузар. Анын концертин токтото аласыңарбы?, — деди ал.
Депутат Шайлообек Атазов Моргенштернге РФда кылмыш иши козголуп, ири суммада айып салынганын, анын денесинде шайтандардын сүрөтү тартылганын сынга алды.

Алтынбек Максутов депутаттар менен макулдугун билдирип, азыр «Бишкек Арена» муз аянтчасынын жетекчиси менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын белгиледи.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх