Бишкектеги кыргыз-түрк достук ооруканасында августта органдарды трансплантациялоо боюнча биринчи операция жасалат
Чет өлкөдө 50-60 миң доллар турган операциялар Кыргызстанда 10 миң АКШ долларынын тегерегинде болот
Үстүбүздөгү жылдын август айында Бишкектеги кыргыз-түрк достук ооруканасында органдарды трансплантациялоо боюнча биринчи операцияны өткөрүү пландалууда. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттык сактоо тармагынын актуалдуу маселелери боюнча жумушчу кеңешмеде оорукананын жетекчилиги билдирди.
Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, кеңешме мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында бүгүн өттү.
Кеңешменин жүрүшүндө аталган оорукананын базасында ички органдарды трансплантациялоону уюштуруу маселеси каралды. Оорукананын жетекчилиги мекеме мындай операцияларды жасоого даяр экенин, бул үчүн керектүү ресурстар бар экенин маалымдады.
Үстүбүздөгү жылдын август айында органдарды трансплантациялоо боюнча биринчи операцияны өткөрүү пландалууда. Келечекте бул оорукана Борбор Азиядагы алдыңкы медициналык борбор болуп, ага башка өлкөлөрдүн муктаждыгы бар жарандары келе алышат.
Мамлекет башчысы трансплантологияны өнүктүрүү сыяктуу маселенин маанилүүлүгүн баса белгилеп, муну менен кыргызстандыктар үчүн сапаттуу медициналык жардамга жетүү жана органдарын алмаштыруу зарылдыгынан жапа чеккен бейтаптардын өмүрүн сактап калуу мүмкүндүгү пайда болуп жатканын айтты.
Ал белгилегендей, биздин жарандар өтө маанилүү жана кымбат баалуу операцияларды жүргүзүү үчүн алыскы чет өлкөлөргө чыкпай койсо болот. Эгерде алар чет өлкөдө 50-60 миң доллар чыгым тартышса, бул жерде Кыргызстанда да ушундай эле операция 10 миң АКШ долларынын тегерегинде болот.
Буга байланыштуу президент Садыр Жапаров тиешелүү мамлекеттик органдарга бул маанилүү демилгени ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн кыргыз-түрк достук ооруканасынын жетекчилигине ар тараптан колдоо көрсөтүүнү тапшырды.
Фото www