Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда 1- сентябрга карата 42 мектеп жана 4 спорт зал ачылат

жаңы курулган мектептер сапаттуу, ыңгайлуу жана заманбап ашкана, спортзал, концерттик зал, мектеп эмеректери менен толук камтылган

Кыргызстанда 1-сентябрна карата 42 мектеп жана 4 спорт зал пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Мырзабек Жыпаркулов өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы жана министрлер кабинетинин төрагасынын көзөмөлү менен бүгүнкү күнгө карата Мамкурулуш тарабынан 46 мектепте жана мектептердин спорттук залдарында курулуш иштери аяктап, ачылыш алдында турат.

Ал ошондой эле, жаңы курулган мектептер сапаттуу, ыңгайлуу жана заманбап ашкана, спортзал, концерттик зал, мектеп эмеректери менен толук камтылганын белгилеген.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх