Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек шаарынын Свердлов районунун аймагында жер мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө боюнча иштер жүрүүдө

Район боюнча 2 967 691 сом мамлекеттин пайдасына өндүрүлгөн

Кыргыз Республикасынын Конституциясы жер жана жаратылыш ресурстарын Кыргыз Республикасынын элинин жашоо-тиричилигинин негизи катары аныктайт.
Кыргыз Республикасынын прокуратурасы мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын так жана бирдей аткарылышына көзөмөл жүргүзөт.
Жер мыйзамдарынын аткарылышын көзөмөлдөө прокурордук ишмердүүлүктүн маанилүү багыты болуп, Бишкек шаарынын Свердлов районунун прокуратурасы бул багытта туруктуу негизде прокурордук көзөмөл жүргүзүп, жер тилкелерди менчикке жана ижарага берүүдө мыйзамдын үстөмдүгүн жана мыйзамдуулуктун бирдиктүүлүгүн камсыз кылып келет.

Бишкек шаарынын Свердлов районунун прокуратурасы тарабынан 2023-жылдын 8-айында 14 текшерүү жүргүзүлүп, 30 мыйзам бузуулар аныкталып, аларды четтетүү максатында 4 сунуштама, 9 талап жана 1 доо арыз келтирилип, 3 кызматкер тартиптик жоопкерчиликке кириптер болуп, 2 967 691 сом мамлекеттин пайдасына өндүрүлгөн.

Жер мыйзамдардын сакталышын камсыз кылуу максатында райондук прокуратура тарабынан Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу “Эмгек резерви” Республикалык дене-тарбия спорт борборунун мөөнөтсүз пайдалануусундагы Бишкек шаарынын Усөнбаев көч., 200 дареги боюнча жайгашкан 1,74 га жер тилкесине 06.10.2017-жылдагы ижара келишимдин мыйзамдуулугуна текшерүү жүргүзүлгөн.
Текшерүүнүн жыйынытыгы менен аталган жер тилкеси Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 09.10.2019-жылдагы 535 сандуу токтому менен бекитилген Мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү тартиби жөнүндө жобонун талаптарын одоно бузуу менен ижарага берилгендиги, ошондой эле аталган ижара келшимдин негизинде ижарачыга жер участогун убактылуу пайдалануу укугуна күбөлүк берилгени аныкталып, белгиленген мыйзам талаптарын бузууларды четтетүү максатында жогоруда көрсөтүлгөн ижара келишимин жараксыз деп табуу жөнүндө доо арыз келтилирип, бүгүнкү күндө Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда кароодо турат.

Свердлов райондук прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча иштер улантылууда.

Бишкек шаарынын

Свердлов районунун прокуратурасы

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх