Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Күрөш боюнча Дүйнө чемпионатына катыша турган улуттук курама команданын тизмеси

Аталган мелдеш 2024-жылы Париж шаарында өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо алуу мелдеши болуп эсептелинет

Спорттук күрөш боюнча (эркин күрөш, кыз-келиндер күрөшү жана грек-рим күрөшү) Кыргыз Республикасынын курама командасы 16-24-сентябрь күндөрү Сербиянын Белград шаарында өтө турган Дүйнө чемпионатына катышат. Бул тууралуу спорт департаментинин басма сөз кызматы билидрди.

Аталган мелдеш 2024-жылы Париж шаарында өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо алуу мелдеши болуп эсептелинет. Беттештер 10 салмак категориясында өтүп, жалпы 90 квота ойнотулат.

16-18-сентябрь күндөрү эркин күрөш боюнча курама команда беттешет. Улуттук курама команданы улук машыктыруучулар Сүймөнкул Таабалды уулу, Ислам Тазабеков жана башкы машыктыруучу Руслан Маджинов жетектейт.

Эркин күрөш боюнча курама команда:
57 кг — Алмаз Сманбеков;
61 кг — Тайырбек Жумашбеков;
65 кг — Икромжон Хаджимурадов;
70 кг — Эрназар Акматалиев;
74 — Арсалан Будажапов;
86 кг — Нарбек Изабеков;
125 кг — Айаал Лазарев.

18-21-сентябрь күндөрү кыз-келиндер күрөшү боюнча беттештер өтөт. Улуттук курама команда улук машыктыруучу Байгазы Кенжебаев, башкы машыктыруучу Нурбек Изабеков жана Билимбек Капарбековдун жетекчилиги алдында беттеш өткөрүшөт.

Кыз-келиндер күрөшу боюнча курама команда:
59 кг — Кальмира Билимбек кызы;
62 кг — Айсулуу Тыныбекова;
68 кг — Мээрим Жуманазарова;
76 кг — Айпери Медет кызы;
72 кг — Нурзат Нуртаева

21-24-сентябрь күндөрү грек-рим күрөшү боюнча беттештер өтөт. Улуттук курама команданы улук машыктыруучу Улукбек Карачолоков,башкы машыктыруучу Азат Эркимбаев жана Мейрамбек Ахмедов жетектеп чыгат.

Грек-рим күрөшү боюнча курама команда:
60 кг — Жоламан Шаршенбеков;
67 кг — Амантур Исмаилов;
77 кг — Акжол Махмудов;
87 кг — Азат Салидинов;
97 кг — Бексултан Махмудов.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх