Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ИИМдин Күзөт кызматынын кызматкерлерине жөө жүрүш уюштурулду

Жөө жүрүштүн эң негизги максаты - жарандарыбызга дем берүү менен алардын коопсуздугу дайыма камсыздалып тургандыгын көрсөтүү

2023-жылдын 8-сентябрь күнү ИИМдин Күзөт кызматынын кызматкерлерине жөө жүрүш уюштурулду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Анда, ИИМдин Күзөт кызматынын башчысы милициянын полковниги Каныбек Абдырахманов Бишкек шаарында жайгашкан түзүм бөлүмдөрүнүн бириккен отряддын атайын кызматтык деңгээлин жакшыртуу жана физикалык даярдыгын, марш ыргытуу жөндөмүн текшерүү максатында саптык кароо жана жөө жүрүш өткөрдү.

Жөө жүрүштүн эң негизги максаты - жарандарыбызга дем берүү менен алардын коопсуздугу дайыма камсыздалып тургандыгын көрсөтүү, элдин ишенимин арттырууну көздөйт.

Бириккен отряддын кызматкерлери 2023-жылдын 8-сентябрында Аламүдүн районунун спорттук аянтчасында чогулуп, Күзөт кызматынын жетекчилиги жана түзүм бөлүмдөрүнүн башчылары менен бирдикте нускама өткөрүлдү.

Түзүлгөн тематикалык иш-мерчемдин негизинде өздүк курам Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички аскерлеринин ок атуу тааласына чейин 4000
метр аралыкка айгай капчыгы жана тиешелүү экипировка менен чуркап жетишти.

Ок атуу талаасында өздүк курам үчүн АК, АКС-74У, үн чыгаруучу жана газдалган гранаталарды колдонуу боюнча практикалык сабактар өткөрүлүп, өздүк курамдан дене-тарбия боюнча, күжүрмөн самбо боюнча сынак алынды.

Саптык кароодо кызматкерлердин сырткы келбетин, алардын кызматтык кийим кийүү эрежелеринин сакталышын, экипировкаларын жана кесиптик даярдыгы текшерилди.

Жыйынтыгында ИИМдин Күзөт кызматынын түзүм бөлүмдөрүнүн жеткчилигине кызматтык күжүрмөн даярдыктар боюнча кошумча тапшырмалар берилди.

ИИМдин Басма сөз кызматы

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх