Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Аттарын кайтаруу» акциясы

Иш чара 29-октябрында саат 12:00 -14:00 Түштүк дарбазадагы Жеңиш сейил багында өтөт

“Эсимде” изилдөө аянтчасы 2023-жылдын 29-октябрында саат 12:00 -14:00 аралыгында Түштүк дарбазадагы Жеңиш сейил багына келип, советтик мамлекеттик
террордон каза болгон адамдарды эскерүүгө чакырат.

Бишкектеги бул акция 7-8-ноябрь Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүнө карата “Эсимде” талкуу аянтчасы тарабынан уюштуруулуда.

https://kg.esimde.org

Күн тартиби:

12:00 “Аттарын кайтаруу" акциясы тууралуу сөз
12:05 Куран окуу
12:10 Акциянын башталышы:

Акциянын катышуучулары репрессиялангандардын бир нече аттарын төмөнкү форматта окуй алышат: Аты-жөнү, жашаган жери, репрессия учурундагы жашы,
иштеген жери же кесиби, репрессия болгон күнү/жылы, реабилитацияланган жылы.

14:00 Акциянын жыйынтыкталышы.

Мындан 16 жыл мурун, 2007-жылдын 29-октябрында Улуу террордун 70 жылдыгында Москвада Соловецкий ташынын жанында биринчи жолу "Аттарын
кайтаруу" акциясы өткөн. Акция СССР учурундагы мамлекеттик террордун курмандыктарын эскерүүгө арналган.

16 жылдан бери мындай акциялар ар кайсы шаарларда жана өлкөлөрдө өткөрүлө баштап, аларга он миңдеген адамдар катышты. Пандемия жылдарында
дагы акция үзгүлтүккө учураган жок: мурда Москванын Соловецкий ташынан гана жүргүзүлүп келген берүү үч континентти жана ондогон мамлекеттерди камтый
баштады. Бул жылы акция Бишкек шаарында экинчи ирет өткөрүлөт.

Тарыхчылардын айтымында, совет доорунда Кыргызстанда 40 миңден ашуун адам репрессияга кабылган. Биз репрессиянын курмандыктарын эскерип, алардын
ысымын актоого чакырабыз. Акция “адам өмүрүнөн баалуу эч нерсе жок” деген маанилүү жана олуттуу принципти эске салат.

1. Дарек: Жеңиш паркы
2. Убактысы: 29-октябрь, саат 14:00-16:00
3. Уюштуруучулар: “Эсимде” изилдөө аянтчасы, жоопкерчиликтүү –
Алагөз кызы Гүлзат
4. Байланыш номуру: 0709067329/ Этот адрес электронной почты защищён от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх